02

Июнь

2017

Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама бекитилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама бекититүү» жөнүндө токтомго кол койду.

Мыйзам алдындагы актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча нускама мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу адамдар үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун тариздөөдө жана укуктук ченемдерин иштеп чыгуу, өзгөртүү жана токтотуу эрежелерин колдонууда бир түрдүүлүктү сактоо жолу менен мыйзам алдындагы акытылардын сапатын камсыздоо максатында иштелип чыкты.

Нускама мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине жана алардын түзүмдүк элементтеринин колдонулушунун токтотулушуна мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна коштомо документтердин таризделишин жөнгө салат.

Нускамада ченемдик укуктук актылардын структуралык элементтери жана ченемдик эсептөө жеке аттарын жазып кээ бир эрежелерди, атап айтканда, ченемдик укуктук актыларды, сөздөрдү жана сөз айкаштарын, шилтемелер, долбоорду иштеп чыгуу жана структуралык үлгүсүнө кадамдарды чагылдырган мисалдар аныкталган.

Документте мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууда тармактык эксперттер менен гана эмес, мыйзам алдындагы актылардын долбоорун иштеп чыгууга биринчи жолу туш болгон жаңы адамдардын да этабы менен иштөө алгоритми көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү