13

Февраль

2016

«2016-жылы ички дүң продуктунун ɵсүү деңгээли 5,2% түзүүсү тийиш»

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык ɵнүгүү жыйынтыгы каралган жыйынында билдирди.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Арзыбек Кожошев баяндама жасап, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык ɵсүү 103,5 % түзүп, ички дүң продуктунун кɵлɵмү 423,6 млрд сом суммасында эсептелгендигин маалымдады.

«Кумтɵр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, ИДП реалдуу ɵсүшү 104,5 % түзгɵн, 2014-жыл үчүн аталган кɵрсɵткүч 105,0 % түзгɵн. Экономикалык бардык тарамактар боюнча, ɵндүрүштү эсепке албаганда, ɵсүү камсыздалган. Айыл чарба тармагында – 0,9 %, курулушта – 1,1%, тейлɵɵ тармагында – 1,7% ɵсүш орун алган. ИДП түзүлүшүнɵ ɵнɵр-жай ɵндүрүшү жагымсыз салым кошуп, 0,7% кɵрсɵткүчтү түзгɵн», — деп белгиледи экономика министри А.Кожошев.

Арзыбек Кожошевдин айтымында, инфляциянын орточо жылдык кɵрсɵткүчү (2015-жыл январь-декабры 2014-жылдын январь-декабрына карата) 106,5 % түздү.

«Эл аралык резервдердин кɵлɵмү 2015-жылдын 31-декабрына карата 1778,3 млн АКШ долл. түзгɵн жана 2015-жыл январь-декабры мезгилинде 179,3 млн АКШ долл. кыскарган. 2015-жылдын 11 айында котормо тутуму аркылуу ишке ашырылган физикалык жактардын акчалай которуу агымынын дүң кɵлɵмү 1 546,6 млн АКШ долл. түзүп, ɵткɵн жылдын кɵрсɵтүлгɵн мезгилине салыштырмалуу 26,2 % азайган», - деди ал.

Сунушталган баяндаманы талкуулоо жүрүшүндɵ Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчтɵндүрүү зарылдыгын билдирди.

«2016-жылы биздин алдыбызда ИДП ɵсүү деңгээлин 5,2% жеткирүү милдети турат. Негизги соода шериктерибиз тушуккан экономикалык кыйынчылыктарды эске алуу менен аталган кɵрсɵткүчкɵ жетишүү татаал болот. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, биз коюлган милдетти аткаруубуз зарыл. Ал үчүн бардык мамлекеттик орган жетекчилери жаңы ɵндүрүштү ишке киргизүү жана жаңы иш орундарны түзүү жаатында бизнес менен тыгыз иштешүүсү керек», — деди ал.

Буга катар Өкмɵт башчы белгилегендей, ɵнɵр-жай ɵндүрүшүн ɵстүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн маанилүү милдеттеринин бири.

«Республиканын ИДПсына «Кумтɵр» кени маанилүү салым кошот, учурда анда ɵндүрүштүн тɵмɵндɵɵсү орун алууда. Бирок бир нече айдан соң кенчилер алтын кенине бай жерлерди иштете баштайт, бул оңдуу динамиканы жайгарууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди Премьер-министр Темир Сариев.

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдагы социалдык-экономикалык ɵнүгүү жыйынтыгына баа берүүдɵ Темир Сариев белгилегендей, маморган жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун негизги критерийи катары калктын ишеним деңгээли болуп саналат.

«Жыл жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн ишммердүүлүгүнɵ карата ишеним деңгээли 2014-жылга салыштырмалуу 7% ɵсүп, 22% түзгɵн. Бул абдан жакшы кɵрсɵткүч. Муну менен катар бир катар министрлик жана ведомстволор бул жаатта начар кɵрсɵткүчтɵргɵ ээ. Ал эми бизге Жалал-Абад облусу үлгү болуп бере алат, жыл жыйынтыгы боюнча, жарандарды сурамжылоонун натыйжасында облус калктын ишеним кɵрсɵтүү деңгээли боюнча биринчи орунга чыккан», — деди Премьер-министр Темир Сариев.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн социалдык-экономикалык ɵнүгүү жыйынтыктары жɵнүндɵ» буйрук долбоору сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү