13

Январь

2017

2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт

2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Олег Панкратов тийиштүү түрдө Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген.

Бул чечим тууралуу бүгүн, 13-январда, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминдеги кезектеги жыйынында жарыяланды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине кирген төрт мамлекет – Армения Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын башчыларынын жыйынында, 2017-жылы Евразия экономикалык союзунун кеңешинин органдарында төрагалык кылуу маселеси каралган. Сөз  Жогорку Евразия экономикалык кеңеш, Евразия Өкмөттөр аралык Кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тууралуу болуп жатат.

ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык, бул органдарда төрагалык кылууда жыл сайын орус алфавити тартибинде пландуу ротация болуп турат. 2016-жылы бардык үч структураларда Казакстан Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылса, 2017-жылы бул милдеттерди  Кыргыз Республикасы өзүнө алды.

«Кыргыз Республикасы 2017-жылкы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунда негизги милдеттер катары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер аралык өз-ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктарды алып салууну эсептейт», – деди   вице-премьер-министр Олег Панкратов ЕЭК жыйынында.

ЕЭК кеңешинин жыйынын соңунда Евразиялык экономикалык биримдигиндеги интеграция, өндүрүш жана агроөнөр жай комплекси, энергетика, бажы кызматташтыгы, соода, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технология багытында бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алуу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү