20
Январь
2017-жылы өлкөдө «Мыкты экспортер» улуттук сынагы өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
«Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» улуттук сынагын өткөрүү чечими экспорттук мүмкүндүктөрдү жогорулатуу, өнөр-жай, туристтик жана агрардык комплексти өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Сынактын негизги милдети коомчулукту, соода өнөктөрдү жана инвесторлорду Кыргыз Республикасынын мыкты экспортчулары тууралуу маалымдоо, атамекендик экспортерлордун мыктылардын катарына кошулуусуна кызыгуусун арттыруу жана атамекендик экспортерлордун атаандаштыкка жөндөмдүү продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүсү жана жетишкендиктери боюнча жайылтуу.
Мындан улам 2017-жылы жана келерки жылдары «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» улуттук сынагын өткөрүү чечими кабыл алынган.
Мында иш-чараны уюштуруу, өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого байланыштуу чыгымдар тартылган бюджеттик эмес каражаттар эсеинен ишке ашырылат.
Сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу иштери боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү