10

Октябрь

2016

Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XI форумуна карата даярдыктар талкууланды

КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын алдыдагы форуму Шериктештик мамлекеттеринин маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 10-октябрда, КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет аралык  гуманитардык кызматташтык фондунун аткаруучу директорунун орун басары Эльвира Доля менен жолугушуусу учурунда билдирди.

«Кыргыз Республикасы Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-29-октябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын «Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 25 жылдыгы. Гумантардык кызматташтыктын келечеги» XI форумунун өткөрүлүшүнө чоң маани берет. Өтүүчү форум Шериктештик мамлекеттери ортосунда аргументтүү талкуу, гумантирдык кызматташтык боюнча конкреттүү идеялардын жана сунуштардын иштелип чыгуусу үчүн натыйжалуу аянтча болусу тийиш», - деди вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева.

КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет аралык  гуманитардык кызматташтык фондунун аткаруучу директорунун орун басары Эльвира Доля алдыдагы иш-чара ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

«Учурда ар-бир мамлекеттин динамикалуу өнүгүүсүн маданий баалуулуктарсыз, сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүүсүз, жаштарды жана үй-бүлөнү колдоого алуусуз элестетүүгө болбойт. Анын катышуучуларынын бардык күч-аракети КМШ өлкөлөрүнүн маданият, билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды чыңдоо боюнча сунуштардын иштелип чыгуусуна багытталат деп ишенем», – деп билдирди КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет аралык  гумантирдак кызматташтык фондунун аткаруучу директорунун орун басары Эльвира Доля.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү