21

Сентябрь

2016

Бишкекте Кыргыз Республикасында Стамбул протоколун алга жылдыруу боюнча эл аралык конференция өтүүдө

Бишкекте “Стамбул протоколун ишке ашыруу: аймактык тажрыйбаны трансформациялоо эл аралык ченемдер менен  натыйжалуу иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кыйноолорду документтештирүү” аталышында эл аралык конференция өтүүдө. Аталган конференцияга катышуу үчүн Кыргызстанга БУУ кыйноолорго каршы комитетинин төрагасы Йенс Модвиг келди.

Стамбул протоколу натыйжалуу иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кыйноолорго, оор адамгерчиликсиз, же ар намыска шек келтирген кайрылуулар менен жазалоолорду жетекчиликке алат. Протокол кыйноолорду жана анын кесепеттерин документациялоо боюнча эл аралык жетекчилик болуп саналат жана 1999-жылы БУУ расмий документтеринин катарына киргизилген.

2014-жылы адистер иштеп чыккан жана бекиткен практикалык жетекчилик Кыргызстанда зомбулуктун кесепеттерин, формаларын стандартташтыруу жана документтештирүү, медициналык кызматкерлер жана жалпы саламаттыкты сактоо системасы үчүн катаал кайрылууларды кароо практикасын киргизген.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын тажрыйбасы эл аралык кесиптик  чөйрөдө оң бааны жаратты. Конференциянын негизги максаты – аймактар аралык жана эл аралык деңгээлде уникалдуу моделди көрсөтүү жана алга жылдыруу. Конференциянын ишине ошондой эле 20 дан ашуун  Стамбул протоколуна кирген мамлекеттердин кыйноолорго каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу боюнча эл аралык, улуттук эксперттер, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү  катышат.

Конференция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын «Сорос-Кыргызстан» Фонду менен кызматташкан кыйноолорго карата эскертүү улуттук борбору, Кыргызстандагы кыйноолорго каршы бейөкмөт уюм коалициясы жана «Дарыгерлер адам укугу үчүн» уюму, Европа союзунун колдоосу астындагы уюм, Ачык коом фонду, БУУ адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы, Кыйноолордун курмандыктарын реабилитациялоо эл аралык кеңеши, адам укуктары боюнча Больцман институту жана Бишкектеги ОБСЕ борбору тарабынан уюштурулууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү