24
Октябрь
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат
Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүүдө, анын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Борбор Азия Университети саналышат.
Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов катышып, климаттын өзгөрүүсүнүн бардык терс кесепеттери коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизерин белгиледи.
«Кыргыз Республикасы – тоолуу өлкө жана туруктуулук изилдөөлөрүнө ылайык, биздин өлкө климаттын өзгөрүүсүнө кыйла алсыз Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунду ээледи. Бул өңүттө биздин өлкө Туруктуу тоо өнүгүүсү маселелерин жана тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын глобалдык сүйлөшүүлөр процесстерине киргизүү жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына байланыштуу бир катар глобалдык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн эл аралык тоо кыймылына активдүү катышууда», - деди ал.
Мындан тышкары, Мурат Мукамбетов белгилегендей, тоолуу өлкөлөрдүн климатын жөнгө салуу жана анын өзгөрүүсүнүн алдын алуу маселеси артыкчылыктуу мааниге ээ жана тоону туруктуу өнүктүрүү маселеси менен тыгыз байланышта.
«Буга байланыштуу биз үчүн токойлуу тоолор боюнча атайы глобалдык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, аны сактоо, калыбына келтирүү жана тоодогу токойлорду жайылтуу маселеси абдан маанилүү болуп саналат. Бүгүн 2018-жылкы Дүйнөлүк тоо форумунун кабыл алуучу тарабы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тоону туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин аймактык жана глобалдык деңгээлде алга жылдырууга даярдыгын жана аны жактай тургандыгын билдирет. Биз тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн бирдиктүү багытын өнүктүрүү зарыл деп эсептейбиз. Бул жаатта өнүгүү процессин күчтөндүрүү максатында биз тоо күн тартибин алга жылдыруу үчүн институттардын жана уюмдардын көп тараптуу механизмдерин өнүктүрөбүз», - деди ал.
Белгилесек, иш-чара 23-26-октябрда өтөт. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын, ошондой эле чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана эл аралык илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Форум «Туруктуу тоо өнүгүүсү» Күн тартибин алга жылдыруу үчүн өнөктөштүктү курууга жана күчтөндүрүүгө, Туруктуу тоо өнүгүүсү күн тартибин Туруктуу Өнүгүү Максаттары боюнча аймактык жана глобалдык сүйлөшүү процесстерине кошууга, тоолуу райондор үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана чакырыктарды иликтөөгө, аймактык жана глобалдык деңгээлде мыкты тажрыйба жана инновациялык чечимдерди жыйноо жана алмашууга, ошондой эле аймактык деңгээлдеги күчтүү жана ишенимдүү тоо альянстарын түзүү жана өнүктүрүү үчүн демилгелерди күчтөндүрүүгө багытталган.
[su_carousel source="media: 124867,124868" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү