03

Ноябрь

2016

Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 15-юбилейлик жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 3-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин  15-юбилейлик жыйыны өтүүдө.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын  Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Тажикистан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода  жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимовдор келишти.

ШКУга байкоочу мамлекеттердин катарына Афганистан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Индия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия, Пакистан Ислам Республикасы кирет. Анын ичинде расмий өкүлдөр: Белорусь Республикасынын   Премьер-министри  Андрей Кобяков,   Индиянын тышкы иштер мамлекеттик министри Мушабар Джавад Акбар, Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ибрахим Рахимпур, Кыргыз Республикасындагы Монголиянын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жагир Сухээ жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартадж Азиз катышууда.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин юбилейлик  жыйынына 250гө жакын журналисттер катышууда, анын ичинде иш-чараны 100 жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү