21
Июнь
Бишкекте Интернетти башкаруу боюнча биринчи Борбор Азия форуму өтөт
Эртең, 21-июнда, Бишкек шаарында Интернетти башкаруу боюнча биринчи Борбор Азия Форуму өтөт. Иш чара Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана “Интернет саясаты жарандык демилгелер” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулууда.
Форумдун башкы максаты – Борбор Азияда Интернетти башкаруудагы көйгөйлөрдү талкулоого бардык кызыкдар тараптарга ачык аянтча түзүү болуп саналат. Форумдун планы www.caigf.org сайтына жарыяланган. Анда кибер коопсуздук темасындагы тегерек стол, интернет эркиндиги жана жеткиликтүүлүктү арттыруу, DNS-индустриясын өнүктүрүү боюнча маселелер камтылган.
Форумга Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев чакырылган. Ошондой эле форумга адистештирилген эл аралык институттардын жетекчилери, анын ичинде IP-дареги ICANN аталыштарды башкаруу Корпорациясы, Internet Society, SecDev Foundation, Microsoft, Kaspersky Labs, RIPE NCC сыяктуу жетектөөчү компаниялардын, изилдөө борборлорунун өкүлдөрү катышат.
Форум «Park Hotel» мейманканасында саат 9.30да башталат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү