22

Ноябрь

2016

Бишкекте кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйыны өтөт

Бүгүн, 22-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында эки тараптын комплекстүү маселелерин талкуулаган, кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны өтөт.

Тажикстан Республикасынын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Азим Иброхим жетектейт.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында, кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү актуалдуу маселелери талкууланат.

Талкуунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары, 15-жыйындын эки тараптуу комплекстүү маселелерин кароо боюнча биргелешкен протоколго кол коюшат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү