25

Февраль

2017

Бишкекте Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков  жана  Армения Республикасынын Премьер- министри Карен Карепетян катышат.

Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү