07
Июнь
2016
Бишкекте Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны өтөт
Бишкекте, бүгүн, 7-июнда, Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны өтөт.
Жыйын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.
Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү