13
Октябрь
2016
Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт
Бишкекте бүгүн, 13-октябрда, кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өтөт.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-кытай соода-экономикалык эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Фан Айцин менен жолугушуусу болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү