03
Декабрь
Бишкекте Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү
Бүгүн, 2015-жылдын 3-декабрында, Бишкек шаарында Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 18-жыйыны болуп өттү.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин жана Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельяниновдун төрагалыгы астында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Премьер–министр акыркы учурда эки өлкө ортосундагы кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгын, ошондой эле эки өлкөнүн өз-ара кызыкчылыгын камтыган ар-кыл маселелерде тараптарды канааттандырган чечимдерге келүү орун алып жаткандыгын белгиледи.
«Бүгүнкү жыйында мурдагы жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып, жаңы пландарды аныктообуз керек», - деп билдирди Темир Сариев.
Премьер-министр белгилегендей, чечилбей жаткан маселелер болсо, тараптар жалпы өнүгүү багыты максатында аларды чечүүнүн ыкчам жолдорун табуусу зарыл.
Андрей Бельянинов билдиргендей, тараптардын эксперттери күн тартибин түзүү боюнча жетиштүү иш алып барып, дээрлик бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келишкен.
Жыйында Кыргыз-россиялык Өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 17-жыйынынын (2014-жылдын 2-декабры, Москва шаары) чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Күн тартибинде энергетика, мунай-газ, өнөр-жай, транспорт, байланыш жана массалык коммуникациялар, агроөнөр-жай комплекси, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү, билим берүү, илим, маданият, маалымат, жаратылыш пайдалануу жана бажы иши багытындагы кызматташуу маселелери каралды.
Жыйын алкагында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун төрайымы Нурсулу Ахметова Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу бетачарды тартуулады.
Темир Сариев белгилегендей, биздин өлкөдө чоң туристтик мүмкүндүктөр бар, ага Ысык-Көлдү жана бир катар тоо лыжа базаларын мисалга келтирсе болот, Кыргызстан Россиядан келчү туристтерди кабыл алууга даяр.
Ошондой эле Премьер-министр Тамчы айылында “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкандыгын, анын РФ аймактарынан келчү туристтерди кабыл алууга мүмкүндүгү бар экендигин билдирди.
Ошондой эле кеңейтилген жыйын соңунда комиссиянын теңтөрагалары Темир Сариев жана Андрей Бельянинов жыйын протоколуна кол коюп, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрү аралык 2014 – 2017-жылдарга Экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитти.
Андан соң КР Премьер-министри жана РФ Федералдык бажы кызматынын жетекчиси басма сөз үчүн кыскача билдирүүлөрдү жасады.
Өкмөт башчы белгилегендей, күн тартибиндеги негизги маселелердин бири катары Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Камбарата -1 ГЭСин куруу маселеси каралды.
Тактап айтканда, Комиссия тараптарга 2012-жылы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлган тийиштүү өкмөт аралык келишимдерди активдүү ишке ашырууну иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын жана КММ ташып келүүдөгү эсетешүүлөрдө доллардык келишимдерди рублдик негизге өткөрүү сунушун киргизди.
Премьер-министр Темир Сариев маалымдагандай, жыйында Россия аймагы боюнча түрк рыногуна кетүүчү кыргызстандык товарларды, анын катарында төө буурчакты тоскоолдуксуз транзиттик өткөрүү тууралуу маселе талкууланды.
Ошондой эле Өкмөт башчы Кыргызстандын төө буурчакты Россияга тапшырууга карата болгон кызыкдарлыгын билдирди.
Мындан тышкары, Темир Сариев Кыргызстан жана Россия КР Өкмөтү жана РФ Өкмөтү аралык мунай жана мунай продуктуларын ташуу жаатындагы кызматташуу тууралуу келишим долбоорун ички мамлекеттик макулдашуу процедураларынан өткөрүп жатканын билдирди.
Иш-чара жыйынтыгы боюнча Кыргыз-россиялык Өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 19-жыйынын 2016-жылы Россия Федерациясынын аймагында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Маалымдама: Кыргыз-россиялык Өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясы Бишкек шаарында 1997-жылдын 10-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрү аралык протоколго ылайык түзүлгөн.
Комиссиянын негизги милдети Кыргызстан жана Россия ортосундагы экономика, соода, илим жана технология, байланыш, маалымат, билим берүү, маданият жана туризм жаатындагы кызматташууну кеңейтүү болуп саналат.
[su_carousel source="media: 67737,67738,67739,67740,67741,67742,67743,67744,67745,67746,67747,67748" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү