06

Октябрь

2018

Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 5-октябрда, Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков аталган иш чаранын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кырдаалдар орган кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди. Ал кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар калкты ар кыл мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралган учурдагы жүрүм-турум эрежелерине окутуу жана алар тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багыталгандыгын дагы бир ирет белгилеп кетти. Вице-премьер-министр өзгөчө кырдаалдар орган кызматкерлерин бул майрамы менен куттуктап, республиканын калкы жана башкаруу орган өкүлдөрү өзгөчө кырдаалдарда аткарылчу иш-аракеттер тууралуу жетиштүү маалымат алгандыгына ишеним билдирди. Майрамдык иш-чара алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдөрүнүн катышуусунда парад, ошондой эле майрамдык концерт жана өрт эстафетасы боюнча таймаш орун алды. Маалымдама: 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин бүтүндөй өлкө боюнча Кыргыз Республикасындагы Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу күнүнүн алкагында бир айлык өткөрүлгөн. Анын алкагында калктын кооптуу жагдай жана өзгөчө кырдаалдар шартында коргонуу ыкмалары боюнча маалыматын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле КР ӨКМ түзүмдүк подразделениелери жайгашкан жерлерде өсүп келе жаткан муундар үчүн куткаруу түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу боюнча иш-чаралар, мындан тышкары кырсыктардын санын азайтууга багытталган окуулар жана машыгуулар өткөрүлгөн. [su_carousel source="media: 124091,124092,124093,124094,124095,124096,124097" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү