16
Май
Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуш материалдарынын биринчи партиясы жеткирилди
Бүгүн, 16-майда, Ош облусунун Чоң-Алай райондагы Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен курулуш материалдарынын биринчи партиясы жеткирилди.
КР ӨКМ кызматкерлери жабыркаган айылдын жергиликтүү тургундарына арзандатылган баада берилүүчү 120 тонна цементти жеткирди.
Ошондой эле Чоң-Алай районуна чатыр жана тамак-аш продуктулары түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилди, аны облустук ведомстволор аралык комиссия бөлүштүрөт.
Мындан тышкары жакынкы аралыкта жабыркаган айылдын жергиликтүү жашоочулары үчүн дагы 80 тонна цемент жеткирүү күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин 15-майда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жумушчу кеңешме өткөрүп, жер титирөөнүн кесепеттерин ыкчам жоюу максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Чоң-Алай районунун айылдарына курулуш материалдарын жеткирүүнү тездетүү тапшырмасын берген.
кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү