17
Январь
Чүй облусунда «Боинг -747» авиациялык кырсыктан жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Боинг -747» авиациялык кырсыгынан жабыркагандарда жардам берүү максатында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктун уюштурду.
Гуманитардык жардам берүүнү каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот: Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 354 «А», Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын имараты.
Жооптуу жарандардын телефондору: (0312) 60 97 40, (0555) 47 99 18, Максат; (0312) 60 97 50, (0551) 91 17 22, Мыктыбек; (0555) 13 57 00, Рыспек.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун райондорунда жана шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы