14
Октябрь
Чүй облусунда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чара өтөт
Чүй облусунун Чүй районундагы «Бурана» архитектуралык-археологиялык комплексинде бүгүн, 14-октябрда, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.
Улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө археологиялык комплекстин жанында театралдаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт жана маданий-массалык жүрүштөр өтөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурбек Алимбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов катышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү