30

Январь

2017

Дүйшөмбүдө Кыргызстан жана Тажикстандын чекара маселелери боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү

Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында 23-27-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Тажикстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы коңшулу мамилелерди чыңдоо жана аталган багыттагы биргелешкен иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгында чек ара маселелери боюнча биргелешкен иштерди улантуу жана Кыргызстанда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү