13
Январь
Баткен шаарында КР ӨКМ өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы № 26-өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоо алкагында өлкөдөгү өрт кызматынын иши жакшыртылат. Натыйжада өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тутумун башкарууга, натыйжалуу жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, долбоордун сметалык наркы 57 млн 932 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2014-жылдын октябрь айында башталган.
Имарат эки кабаттан турат, биринчи кабатта төрт өрт өчүрүүчү автоунаа үчүн бокстар, аларды оңдоочу жай, окуу аудиториясы, ашкана, атайы форманы кургатуучу жай жана душ кабиналары жайгашкан. Экинчи кабатта иш кабинеттери жайгашкан, имарат толугу менен жылуулук жана жарык менен камсыздалган. Имараттын тышында да жаңы спорттук аянтчанын курулушу каралган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн имаратын көрүп, жумушчу бөлмөлөр жана өрткө каршы техникалар менен таанышып чыкты. Ошондой эле жумуш сапарында Өкмөт башчы Кадамжай районундагы Жийделик айылындагы 2016-жылдын 27-майында селден толугу менен жабыркаган көпүрөнүн абалын көрдү. Калинин көчөсүндөгү көпүрө Жийделик айылын Кадамжай шаары менен бириктирип турат.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аткарган ырааттуу иштерди көрүп, мындан ары да ыкчам иштеп, күтүүсүз жаратылыш кырсыктарынан адын алууну тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селден жабыркаган башка объекттер тууралуу да маалымат берди.
[su_carousel source="media: 88198,88199,88200,88201,88202,88203,88204,88205,88206,88207,88208"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү