19

Январь

2017

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган «Боинг-747» аба кемесинин кырсыкка учуроосунун натыйжасында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандары менен коштошуу зы

Бүгүн, 18-январда, Чүй, Нарын, Ош облустарында коштошуу зыйнаты болду. Кечээ 17- январда,  Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында каза болгондор менен коштошуу зыйнаты болду. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен каза болгон жарандардын сөөктөрү Нарын, Ош, Жалал-Абад жана  Чүй областына жеткирилди.

Эскертсек, каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө алгачкы жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин резервдик фондунан кырсыктан каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде коштошуу зыйнатын өткөрүүгө 70000 (жетимиш миң) сомдон төлөнүп берилет.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты, алар Өкмөттүн атынан материалдык жардамдарды беришти.

Мындан тышкары, Бишкек, Ош шаарларындагы КР ӨКМ башкармалыктарында, ошондой эле башка облустук башкармалыктарда калктан гуманитардык көмөк чогултуу пункттары уюштурулган. «112» түз байланышы иш алып барууда.

«Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында 38 адам каза болгон, анын 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү – Түрк Республикасынын (экипаж мүчөлөрү) жарандары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү