04

Март

2017

Москва шаарында Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 3-мартта, Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү. Кезектеги жыйын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовдун төрагалыгы астында өттү, 2017-жылы Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын белгиленген ротациясына ылайык Кыргызстан төрагалык кылат. Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын кезектеги жыйынына Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭК коллегия мүчөлөрү катышты. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, кезектеги өтүп жаткан жыйын конструктивдүү маанайда, бир катар актуалдуу маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынды. « Бүгүн евразиялык интеграцияга байланыштуу маселелердин кеңири багыттары талкууланды. Аталган маселелердин чечимдери соода экономикалык тармакта, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн интеграциялык процесстерин тереңдетүүгө жана тездетүүгө жакшы натыйжаларды берет», -деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясы күн тартибине киргизилген бардык маселелерди карашты. Күн тартибиндеги маселелердин басымдуусу талкуунун жыйынтыгы менен Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Айрым маселелер макулдашууга жана айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Мындан тышкары Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын мүчөлөрү 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында (Кыргызстан) өтө турган, Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартибин бекитишти. Белгилей кетсек, 2017-жылы ЕАЭБ жөнүндөгү макулдашууга ылайык, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш, Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңеш жана Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясына төрагалык кылуу Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүлгөн. Жылдык пландуу алмашуу орус алфавитинин эрежесине ылайык жүргүзүлөт.    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү