01

Июнь

2016

Уфа шаарында V кыргыз-россиялык аймак аралык жыйын өтөт

Эртең, 2-июнда, Уфа шаарында (Россия Федерациясы Башкортостан Республикасы) V кыргыз-россиялык аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” аттуу жыйын өтөт.

Кыргыз-россиялык V аймак аралык конференцияда кыргыз тараптан  барган делегацияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектейт.

Делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана ишкерлер кирген.

Аймак аралык жыйында Кыргыз Республикасынын облустары менен Россия Федерациясынын субьектилери ортосунда экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кызматташууну чыңдоого тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоо пландаштырылууда.

Жыйында өзгөчө көңүл кыргыз-башкыр ишкерлерине түз байланышууга шарт түзүүгө бурулат, анын катарында Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Россия Федерациясынын аймагына үзгүлтүксүз түз алып чыгуу маселелерин талкуулоого басым жасалмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү