07
Июнь
Кыргызстанга Өзбекстандын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов келди
Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов баштаган делегация келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басарын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов 7-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү