07
Март
2017
Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян келди
Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян баштаган делегация келди.
Армения Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү