07

Июнь

2016

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков келди

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация келди. Беларусь Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды. Беларусь Республикасынын  Премьер-министри Андрей Кобяков 7-июнда Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү