07

Март

2017

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди баштаган делегация келди.

Казакстан Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев  тосуп алды.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү