07

Июнь

2016

Кыргызстанга Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов келди

Кыргызстанга Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов баштаган  Казакстан Республикасынын делегациясы келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда  Казакстандын Премьер-министрин  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.

Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов 7-июнда Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди. Ошондой эле Казакстандын Өкмөт башчысы Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Жыйын алкагында Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.

Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, эки өлкөнүн Өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо кражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү