06
Июнь
2016
Кыргызстанга Молдованын Премьер-министри Павел Филип келди
Кыргызстанга Премьер-министр Павел Филип жетекчилик кылган Молдова Республикасынын делегациясы келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Молдованын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Молдованын Премьер-министри Павел Филип 7 июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү