06
Июнь
2016
Кыргызстанга Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян келди
Кыргызстанга вице-премьер-министр Ваче Габриелян баштаган Армения Республикасынын делегациясы келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Армениянын вице-премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян 7-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү