07
Июнь
2016
Кыргызстанга Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков келди
Кыргызстанга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков баштаган Түркмөнстандын делегациясы келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков 7-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү