16

Август

2017

Кыргызстанга иш сапары менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов келди

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 16-августта, иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду  Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бүгүн,  Бишкекте эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин  катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жана  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болот.

[su_carousel source="media: 101696,101697,101698,101699,101700,101701,101702" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү