29
Апрель
2016
Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо иши жанданат
Бул туралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2015-жылкы Өкмөттүн аткарган иштери тууралуу отчеттук баяндамасында билдирди.
Өкмөт башчы маалымдагандай, азыркы кезде идентификациялоо жүргүзүүнүн тартиби боюнча иш чаралардын планы иштелип чыгып, техникалык жабдууларды сатып алуу каралууда.
Бүгүнкү күндө Чүй, Талас жана Ош облусундагы жеке менчиктеги ветеринар дарыгерлерди окутуулар өткөрүлүүдө.
Эске салсак, “Мал-жандыктарды идентификациялоо” боюнча мыйзам 2014-жылы кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү