21

Февраль

2017

Кыргызстанда Кепилдик фонду 11 млн сом суммасында кепилдик берди

Кыргызстанда Кепилдик фонд 2016-жылдын ноябрында түзүлүп, бүгүнкү күндө 11млн сом суммасында 16 кепилдик берди. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бүгүн, 21-февралда  «Ишкердиктин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн «Кепилдик фонд» ААК аркылуу жогорулатуу жана мамлекеттик жеке-өнөктөштүк» деген аталыштагы  маалымат жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы программасынын алкагында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн каржылоо менен камсыз кылуу максатында 2016-жылы Кепилдик фондду түзүү каралган. Өкмөттүн колдоосу менен  аталган Фонд түзүлүп, кыска аралыкта толук кандуу иштеп баштады.

Бүгүнкү күндө Фонддун капиталы  282 млн сомду түзүп, азыркы кезде 11млн сом суммасында 16 кепилдик берилди», - деп маалымдады Экономика министринин орун басары.

«Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров маалымдагандай, Фонд өз ишин 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта баштаган жана жалпы суммадан 1.5% кепилдик берген, ал эми 2017-жылдын 1-мартынан тарта 2.5% кепилдик бере баштайт.

«Кепилдик фондунун кепилдик берүүдөгү артыкчылыктуу багыттары катары: айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү ( өсүмдүк өстүрүү, мөмө-жемиш жана жер жемиш кластери, эт-сүт тармагы, балык чарбасы) өнөр жай (тигүү жана текстилдик тармак, куруучу материалдарды өндүрүү) тейлөө тармагы (туризмди, экспортту, медициналык тейлөөнү, транспорттук-логистикалык тейлөөнү, экспортко, имортту алмаштырууга багытталган ишканаларды өнүктүрүү), ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев белгилегендей, ааламдык атаандаштык күчөгөн  шартта ишкерлик өзгөчө мааниге ээ болууда. Буга байланыштуу Өкмөт акыркы жылдары түрдүү реформаларды жүргүзүп, атамекендик ишкердикти өнүктүрүүнүн  жана колдоонун  жаңы механизмдерин ишке киргизүүдө. Алардын бири «Кепилдик фонду» ААК түзүү демилгеси болуп саналат.

[su_carousel source="media: 90342,90343,90345,90346,90347,90348" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү