12

Декабрь

2016

Кыргызстанда саат 16:00гө шайлоочулардын катышуусу боюнча абал, референдумга катышкандар 28,1% түздү

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышкандардын саны саат 16:00гө карата өлкө боюнча 28,1% түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев белгилегендей, шайлоо процесси штаттык режимде жүрүүдө, техникалык мүчүлүштүктөр жаралган учурда жеринде ыкчам түрдө жоюлууда. Учурда өлкө боюнча иштебей турган шайлоо участкалары жок. Республика боюнча статистика көрсөткөндөй, саат сайын 100 миңден ашуун шайлоочулар добуш берүүгө келишүүдө, мындан тышкары шайлоо участкалары саатына 350 миң адамды кабыл алууга жөндөмдүү.

Тайырбек Сарпашев маалымдагандай, эгерде шайлоо участкаларында техникалык үзгүлтүк орун алса, ал кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ.

Ал ошондой эле азыркы учурда Ивановка айылындагы  №7094 шайлоо участкасы өз ишин улантып, техникалык кемчиликтер жоюлду.

Маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жана «Улуттук энергетика холдинги компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев шайлоочуларды идентификациялоодо техникалык жабдуулардын иши боюнча, коомдук тартипти камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү, шайлоо тилкелерин жылуулук менен камсыз болуусу тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

[su_carousel source="media: 86607,86608,86609,86610,86611,86612"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү