07

Июнь

2016

Кыргызстанда КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте, бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйыны өтөт.

Жыйынга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов, Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип, Белорус Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Рустам Азимов, Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков жана Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Дорошенконун катышаары күтүлүүдө.

Ошондой эле жыйындын ишине КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышмакчы.

Жыйында КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.

КМШ мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чагылдырууга  КМШ өлкөлөрүнөн 49 ЖМК өкүлдөрү саналган 118 журналист аккредиттелген. Журналисттер үчүн 200 ашуун журналистке эсептелген пресс-борбор уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү