26

Сентябрь

2016

Кыргызстанда 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар жогорулатылат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык,  2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар жогорулатылат.

Натыйжада, республика боюнча пенсиянын орточо көлөмү 5173 сомду түзөт. 2016-жылдын башына карай пенсионерлердин жалпы саны 604,8 миң адамды түзгөн, пенсиянын орточо көлөмү – 4753 сом.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому аркылуу 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн:

- жалпы өлчөмү 10000 сомду түзгөн жана ага жетпеген пенсиялар үчүн 15 %га, бирок 350 сомдон кем эмес;

- жалпы өлчөмү 10000 сомдон жогору пенсиялар үчүн 8 %га жогорулатуу каралууда.

Пенсиялары төмөнкү көлөмдөгү пенсионерлерге жакырчылык көйгөйүн чечүү үчүн жогорулатуу бир кыйла сезилээрлик көлөмдө каралган. Тактап айтканда, 2000 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздоо бөлүгү орточо алганда 2 эсеге жогорулатылат; 2001 сомдон 4000 сомго, 21%га; 4001 сомдон 10 000 сомго, 15%га жогорулатылат.

Пенсионердин эки жашоо минимумунан ашкан пенсиялар үчүн (10000 сомдон жогору) камсыздандыруу бөлүгүн 8 %га жогорулатуу каралган, бул керектөөчү баалардын көрсөткүчүнөн жогору жана жогорулатуунун көлөмү 1275 сомдон жогору эсептелет.

Ошондой эле 1-топтогу майыптардын пенсия көлөмүн пенсионердин төмөнкү жашоо минимумуна (үстүбүздөгү жылдын соңуна карата - 4700 сомго) жеткирүү сунушталууда.

2016-жылдын октябрь айында пенсонерлер төлөмдөр графигине ылайык, пенсияларын жогорулатылган көлөмдө алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү