13
Декабрь
Кыргызстанда 2017-жылдын 1-3-январы дем алуу күндөрү катары жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 2017-жылдын дем алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында иш күндөрүн которуу боюнча токтомго кол койду.
Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн, 2017-жылдын 3-январындагы иш күнү 2017-жылдын 9-январындагы дем алуу күнүнө жылдырылат.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, майрам күндөрү дем алуу күнүнө туш келсе, дем алуу күнү майрам күнүнөн кийинки жумушчу күнгө жылдырылат. Тийиштүү түрдө, 2017-жылдын 1 жана 7-январы 2017-жылдын 2 жана 9-январына жылдырылат.
Натыйжада, кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында, 2017-жылдын 1,2,3-январында эс алат, ал эми 9-январь жумуш күнү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү