04
Июнь
2016
Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин расмий сапары менен келиши күтүлүүдө
2016-жылдын 6-июнунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши күтүлүүдө.
Расмий сапар алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.
Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Дмитрий Медведев 2016-жылдын 7-июнунда Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү