28
Апрель
Кыргызстанда 2015-жылы макроэкономикалык туруктуулук сакталды
«Өкмөттүн 2015-жылга карата негизги милдеттеринин бири катары тышкы жана ички факторлор аркылуу негизделген экономикалык өсүүнүн төмөндөшүнүн алдын алуу маселеси болуп саналды. Өсүү темпини төмөндөөсүнүн негизги себеби болуп, дүйнөлүк экономикадагы жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдөгү орун алган жагымсыз тенденциялардын таасири эсептелди», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2015-жылкы Өкмөттүн аткарган иштери тууралуу отчеттук баяндамасында.
Ал белгилегендей, ички жана тышкы факторлордун таасирине карабастан, 2015-жылы экономикалык өсүштүн оңдуу динамикасын 3,5%да сактап калууга мүмкүндүк болду, бул күтүлгөн болжолдордон 0,4 %га жогору саналат.
Премьер-министр белгилегендей, 2015-жылы инфляциянын көлөмү 3,4 % түзүп, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр арасындагы эң төмөнкү көрсөткүч катары эсептелет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү