14
Октябрь
Кыргызстанда 2017-жылы өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 оорулуу жеңилдетилген шартта гемодиализдик тейлөө алуусун улантат
Кыргызстанда 2017-жылы өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 оорулуу жеңилдетилген шартта гемодиализдик тейлөө алуусун улантат.
Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 оорулуунун гемодиализдик тейлөөсүн каржылоо маселесин чечүү үчүн 60 млн сом бөлгөн. Буйрукка ылайык, ММКФ жеке медициналык борборлор менен түзүлгөн келишим боюнча, ар бир оорулууга сеансы үчүн 4500 сом төлөйт, ал эми калган 2000-2500 сом өлчөмүндөгү каражатты бейтап өзү төлөйт.
Учурда мамлекеттик бюджет эсебинен 552 бейтап гемодиализ алат жана 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо.
ММКФ эсебине ылайык, 118 өнөкөт оорулуунун муктаждыгын каржылоо айына 6 млн 938,4 миң сомду түзөт. 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Фонд аркылуу жогоруда аталган бейтаптарга 24 млн 568 миң 600 сомдук 5 миң 14 процедура төлөнгөн, жыл соңуна дейре дагы 35,5 млн сом төлөп берүү каралууда.
Белгилей кетсек, «2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжол жөнүндө» КР Мыйзам долбоорунда ММКФ боюнча бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккендердин гемодиализдик процедураларын төлөөгө 86 млн сом пландаштырылган.
2016-жылдын 13-октябрына карата өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган каттоого кирбеген оорулуулардын саны 81 адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын дарылануусуна 2017-жылдын бюджетине кошумча түрдө 100 млн сом караган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү