14

Март

2017

Кыргызстанда 20-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу жумуш эмес күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында 

КР Эмгек Кодексинин 113-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конститициялык мыйзамынын 10-17- беренесине ылайык жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду.

Токтомго ылайык 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына беш күндүк графикте эки күн эс алуу менен иштеген кызматкерлер үчүн 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнү, 2017-жылдын 25-март жумуш эмес күнүнө жылдырылды. Ошентип, Кыргызстандыктар 18-март, 19-март, 20-март, 21-март күндөрү эс алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү