16

Январь

2017

Бишкек шаарындагы медициналык мекемелеринде «Боинг - 747» авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган 11 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алынган маалыматтар боюнча 31 жаран каза болду

Бишкек шаарындагы медициналык мекемелеринде бүгүн, 16-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында орун алган «Боинг - 747» авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган 11 жаран ооруканага жаткырылды.

Учурда Улуттук гостипалда жана Бишкек шаарындагы ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунда, балдардын шаардык клиникалык ооруканасынын медициналык тез жардам көрсөтүү кызматында 7 жаран, шаардык гинекологиялык орууканасында – бирөө жана Сокулук аймактык оорканасында бир жабыркалуучу жаткырылды.

Эскерте кетсек, бүгүн, болжол менен Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 07:30 Боинг-747 учагы кыйраган авиа кырсыктан болжол менен 31 жаран мерт кетти. Маалыматтар такталууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү