17
Январь
Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасына «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында атайын каптарда келип түшкөн 42 объекттен 32 сөөк иликтенген
Бүгүн Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында саат 17.00гө карата Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында атайын каптарда келип түшкөн 42 объекттен 32 сөөк иликтенди.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасына атайы капта аты жөнү такталбаган, иреттик номери коюлган 42 объект келип түшкөн.
Учурда жалпысынан 32 сөөк иликтенди, анын 13ү балдар болгон.
Азыркы тапта атайын каптардагы 10 обьект аныкталбаган бойдон калууда, анын ичинде күлгө айланган объектилерди реконструкциялоо талап кылынат.
Учурда каза болгон 9 адамдын өздүгү такталды, алардын үчөө – жаш балдар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү