17
Январь
Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында «Боинг-747» авиакырсыгынан мерт кеткен 15 жарандын өздүгү таанылды, анын ичинде бешөө – жаш балдар
Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында саат 18.00гө карата бүгүн, 16-январда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгон 15 сөөктүн өздүгү такталды, анын ичинде бешөө – жаш балдар.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында авиа кырсыктын кесепетинен каза болгон 15 жарандын өздүгү таанылды.
Каза болгондордун тизмеси:
1. Карыпбаева Гүлзат Нурлановна 2012-жылы туулган.
2. Карыпбаева Жылдыз Нурлановна 2014-жылы туулган.
3. Шералиева Сабина Уларбековна 2011-жылы туулган.
4. Шералы уулу Уларбек 1990-жылы туулган.
5. Жуманалы кызы Акмарал 1990-жылы туулган.
6. Чокоева Кундуз Талайбековна ( кош бойлуу) 1985-жылы туулган.
7. Осмонов Санжарбек Абдуманапович 1982-жылы туулган.
8. Шералиева Айдай 2 жашта.
9. Шаршенбеков Руслан Нурланович 2011-жылы туулган.
10. Исакова Гульжан Муратбековна 1980-жылы туулган.
11. Солтокенова Мариям Анарбековна 2009-жылы туулган.
12. Кожаналиева Наргиза Эсенгуловна (кош бойлуу) 1988-жылы туулган.
13. Солтокенов Айбек Анарбекович 1988-жылы туулган.
14. Солтокенова Фарида Алмазбековна 1969-жылы туулган.
15. Кубанычбеков Аман Кубанычбекович 1997-жылы туулган.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү