01

Апрель

2018

Москвада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус комиссиясынын отуруму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов  Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр  аралык кыргыз-орус комиссиясынын мааракелик 20-отурумунун ишине катышты.

Россия тарабынан Өкмөттөр  аралык комиссиянын отурумуна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана ошондой эле соода, инвестиция, билим, энергетика, өндүрүш, саламаттыкты сактоо, туризм алкагында өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан жашылча-жемиштерди Россия Федерациясынын  соода түйүндөрүнө жеткирүүнү жогорулатуу боюнча иш чараларды уюштуруу биргелешкен тапшырмасы берилди.

Ошону менен бирге транспорт алкагында стабилдүү жана өсүү динамика белгиленди.

Автоунаа ташуу көрсөткүчтөрүнүн 2017- жылы  2016-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе жогорулап, темир жол ташуу көрсөткүчтөрү  23 % көтөрүлгөн.

Кыргыз тарабынын сунушу менен темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин төмөндөтүү маселесин карап чыгуунуну тараптар макулдашты.

Мындан тышкары компетентүү органдарга Россиянын каржылоосу аркылуу Россотрудничество менен биргеликте орусиялык жогорку окуу жайларда Кыргыз Республикасынын адистерин даярдоо ишин улантуу боюнча тапшырма берилди.

Отурумдун жыйынтыгында Өкмөттөр  аралык кыргыз-орус комиссиясынын тең төрагалары тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын комплекстүү эки тараптуу маселелерин чечүүгө багытталган Протоколго кол коюшту.

Мындан тышкары соода, инвестиция, отун-энергетика, транспорт жана транспорт коммуникациялары, санариптик экономика, массалык коммуникация жана байланыш, ден-соолукту чыңдоо, ошондой эле регион аралык кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы 2018-2021-жылдарга экономикалык кызматташтык Программасына кол коюлду.

Ошону менен бирге Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын санариптеп кыргыз тарабына белек катары тартуу чечими да кабыл алынды.

Россия тарабы Ыссык-Көл форумуна жана III - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чыгармачыл топторду жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр  аралык кыргыз-орус комиссиясынын 21-отурумун 2019-жылы Бишкекте өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты.

[su_carousel source="media: 114361,114362,114363,114364,114365" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү