04
Февраль
Бүгүнкү күндө «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 11 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген
2017-жылдын 3-февралынын саат 18.00 карата Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 11 үй-бүлөгө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагынан убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген.
Белгилүү болгондой, жабыркагандар көчүрүлгөн бардык квартираларда жашоого керектүү бардык шарттар каралган (эмерек, турмуш тиричидик техникасы, жылытуу тутуму).
Натыйжада, мамлекет эсебинен 11 үй-бүлө убактылуу турак-жай менен камсыздалган.
Ошондой эле учурда «Семетей» мейманканасында жашап жаткан, үйү авиакырсыктын натыйжасында жарым-жартылай жабыркаган бир үй-бүлөнүн турак-жайын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган үй-бүлө «Семетей» мейманканасында жашап жатат.
Жалпысынан «Семетей» мейманканасында 49 адамдан турган 12 үй-бүлө жашап жаткан, анын 30у – чоңдор жана 19у – жаш балдар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү