03

Август

2017

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерип, куран окулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышты.

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы "Үркүндө" курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүл коюу жөрөлгөсүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, чыгармачыл жана илимий интелегенциянын өкүлдөрү катышты.

1916-жылдын курмандыктарына багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 2-сентябрында, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы "Үркүндүн" 100 жылдыгына карата,  курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги "1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык, август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

 [su_carousel source="media: 100681,100682,100683,100684,100685,100686,100687,100688,100689,100690,100691" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү