15
Июль
КР Өкмөтүндө жашы жете электердин иши боюнча сот адилеттиги тутумунун маселеси каралды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ювеналдык юстиция боюнча Ведомство аралык координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин окуучулары, «Укук бузуу, кылмыш, жоопкерчилик» окутуу программасын киргизүү, жашы жете электер үчүн колонияда жаза өтөгөндөр үчүн социалдык реабилитациялоо жана реинтеграциялоого тийиштүү маселелер талкууланды. Жыйын катышуучулары Бишкек шаарындагы «Жашы жете электердин иши боюнча сот адилеттиги тутумунун модели» долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырылды.
Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин адвокат-волонтерлорун окуучуларга укуктук билим берүүгө тартуунун натыйжалуулугун белгилеп, аталган окутуу программасын өлкөнүн бардык аймактарында киргизүүнү сунуштады.
Вице-премьер-министр координациялык кеңеш ишинин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы жана Ленин сотунун имаратындагы кылмыш курмандыктары, күбөлөрү эсептелген, мыйзамга байланыштуу көйгөйү бар балдарды күтүү жана суракка алуу боюнча атайы бөлмөлөрүн кыдырды.
Кыргызстанда 2014-2018-жылдарга карата Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын жана Бишкек боюнча ювеналдык юстиция тутумун моделдештирүү боюнча долбоорду пилоттоо алкагында сот адилеттүүлүгүн күтүүнүн узакка созулган процессиндеги балдарга жылуу маанай камсыздоо үчүн атайы күтүү бөлмөлөрү түзүлгөн.
Кыдыруу учурунда Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова маалымдагандай, жашы жете электер менен тажрыйбалуу адистер иш алып барат, алар такай окутуу тренингдеринен өтүп турушат. Ушундай эле бөлмөлөр Бишкек шаарынын төрт райондук ИИБде бар.
Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, жашы жете электердин сезимталдыгын жана коргоого муктаждыгын эске алуу менен алардын укугунун бузулушуна жана катаал мамилеге жол берилбеши керектигин белгиледи.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында Бишкекте мыйзамга карама-каршы иш кылган 160 бала катталган. Алардын 10уна коомдон четтетилбеген, альтернативдик жаза берүү чаралары колдонулган.
Белгилесек, бөлмөлөр техникалык жабдуулар, чакан китепкана, оюнчуктар, маалыматтык дубал гезиттер, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укктуу мамлекеттик орган кызматкерлери, психологдор, адвокаттар, педагогдор жана ата-энелер үчүн тийиштүү адабияттар менен жабдылган.
Имараттар ЮНИСЕФ калкасы астында Бишкектеги Великобритания элчилигинин финансылык колдоосу аркылуу «Укук борбору» коомдук фонду менен кызматташтыкта жабдылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү