25
Январь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө «Ишкердикти жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын багытын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда, «Ишкердикти жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтингинде Кыргызстандын багытын жакшыртуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын 2017-жылга «Ишкердикти жүргүзүү» рейтингинде позициясын жакшыртуу боюнча Пландын долбоору талкууланды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингде позициясын жакшыртуу маселеси өлкөгө инвестиция жана чет элдик түз инвестицияларды тартууда түздөн-түз таасир этет жана маанилүү болуп саналат.
«Өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» программасында биз 2019-жылга «Ишкердикке киришүү» эл аралык рейтингинде 50 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылганбыз. Буга байланыштуу республикадагы төмөнкү позицияны ээлеген рейтингдин компененттерин жакшыртуу иштерин жүргүзүшүбүз зарыл», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров маалымдагандай, Кыргызстандын рейтингдеги позициясын жакшыртуу боюнча Планы өз ичине бардык 10 индикаторду жакшыртууга багытталган 30 иш чараны камтыйт.
«Начар позициядагы жана өлкөнүн жалпы рейтингине терс таасирин тийгизүүчү индикаторлорду жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек. Бул индикаторлор: «Электр байланыштарына туташуу», «Салык салуу», «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» жана «Келишимдердин аткарылышын камсыздоо», - деп белгиледи Элдар Абакиров.
Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2017-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө 2017-жылдын I кварталынын планына киргизилген кыска мөөнөттүү иш чараларды аткаруунун баарын камтыган чараларды кабыл алууну тапшырды. "Бизнес жүргүзүү" рейтинги Планындагы иш-чараларды аткарууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлдү.
Ошондой эле Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна Дүйнөлүк банктын ыкмасы боюнча иликтөө жүргүзүү жана "Бизнес жүргүзүү" рейтингинин алкагында реформа жүргүзүү боюнча мыкты дүйнөлүк практиканы, анын ичинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен иликтеп чыгуу тапшырылды.
Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтарына ылайык, Кыргызстан рейтингде дүйнөнүн 190 өлкөсүнүн арасында 75-орунду ээлейт. Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Казакстан гана 35 орунда турат. 2016-жылга салыштырмалуу аталган көрсөткүч эки позицияга төмөндөгөн.
[su_carousel source="media: 88851,88852,88853,88854,88855"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү